www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 19-майында Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Айбек Молдогазиевдин Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министри Жуков Алдаржавхлан менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин достукка жана эки элдин тарыхый-маданий мурастарынын жалпылыгына негизделген жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти.
Тараптар маданият, туризм, жаштар саясаты жана кинематография тармактарындагы кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Өзгөчө көңүл маданий алмашууларды кеңейтүүгө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Монголиянын Достук жана маданият күндөрүн кайрадан жандандырууга бурулду.
Элчи А.Молдогазиев монгол тарапка 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу маалымат берип, Монголия алдыдагы Оюндарга, анын ичинде спорттук, маданий жана илимий-эксперттик иш-чараларга активдүү катышат деген үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары, туризм тармагындагы кызматташууну, анын ичинде эки өлкөнүн туристтик компанияларынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү жана биргелешкен туристтик маршруттарды илгерилетүүнү талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууга макулдашышты.