www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан 34 контейнер мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында "Торугарт" өткөрүү пункту аркылуу Кытайдан "B. LLC" жана "Ү.жана.К." ЖЧКларынын дарегине убактылуу ташып келүү документтери менен 34 контейнер ташып келинген. Бирок, контейнерлер азыркы убакытка чейин кайра чыгарыла элек. Ошондуктан алардын статусу Бирдиктүү автоматташтырылган маалымат системасынын базасындагы ачык бойдон калууда.
Убактылуу ташып келүү шарттарын бузуу мамлекетке жалпысынан 2 млн сомдон ашык зыян келтирген (туумдарды кошкондо).
Бул факты тиешелүү каттоого алынып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.