www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-майда, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров кытайлык Ivan Xu инвестициялык-технологиялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык кызматташтыктын келечектүү багыттарын жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, ошондой эле чет элдик инвестицияларды тартуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде санариптик инфраструктура, энергетика, өнөр жай, логистика жана экологиялык туруктуу долбоорлор сунушталды
«Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө ырааттуу иш алып барууда. Биз заманбап санариптик чечимдерге инвестиция салууга жана өлкөбүздүн инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө катышууга даяр стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз»
— Равшанбек Сабиров
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандагы стратегиялык урбанистикалык долбоор катары каралып жаткан экологиялык жактан таза Асман шаарында заманбап дата-борборлорду куруу долбоорун ишке ашыруу перспективаларына токтолуп, Ivan Xu компаниясынын өкүлдөрү аталган демилгени мындан ары илгерилетүүгө кызыкдар экенин билдиришти.