www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистанда гуманитардык жана азык-түлүк кризиси соңку жылдары эң оор деңгээлге жетти. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, учурда өлкөдө 23 миллиондон ашуун адам гуманитардык жардамга муктаж. Алардын ичинен болжол менен 15 миллионго жакын адам курч азык-түлүк тартыштыгын баштан кечирүүдө.
Өлкө калкынын дээрлик жарымы жакырчылыктын чегинде жашап жатат. Өзгөчө балдардын абалы оор. Эл аралык уюмдардын эсебинде, 3 миллиондон ашуун бала жетишсиз тамактануудан жабыркап, алардын жүз миңдегени курч ачарчылык коркунучунда турат.
Экономикалык каатчылык дагы кырдаалды оорлотууда. Афганистанда жумушсуздуктун деңгээли кескин өсүп, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси дээрлик токтогон. Айыл чарба тармагы кургакчылыктан жана суунун тартыштыгынан чоң чыгымга учураган. Айрым аймактарда түшүмдүүлүк 40–50 пайызга чейин төмөндөгөнү айтылууда.
БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы ай сайын миллиондогон адамдарга жардам көрсөтүп жатканы менен, каржылоо жетишсиз бойдон калууда. Эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, Афганистан үчүн быйыл талап кылынган гуманитардык жардамдын жарымынан азы гана каржыланган.
Адистердин пикиринде, эгерде дүйнөлүк коомчулук жардамды күчөтпөсө, өлкөдө миграция көбөйүп, социалдык жана гуманитардык кризис дагы тереңдеши мүмкүн.