www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айыпталган эки милиция кызматкеринин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүүдө. Ушул эле иш боюнча Биринчи май райондук милициясы дагы бир кишинин ишин тергеп жатат. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

"Ыйлаганыма карабай, күч колдонуп, зордуктады..." 13 жаштагы Алинаны (аты өзгөртүлдү) "Дордой" базарындагы дүкөндүн сатуучусу "кулакчын уурдоого аракет кылдың" деген себеп менен аймакта кароолчулук кылган 40 жаштагы адамга кармап берген.

"Кулакчын уурдоого аракет кылганың үчүн 100 миң сомго чейин төлөп каласың же он жылга камаласың" деп коркутту. Эжемен акча сурап берейин, бирок 5-10 миң сом эле таап бере алабыз" десем, "анча акча жетпейт" деди. Анан машинасынын артына, менин жаныма өтүп, колдорумду кайрып, ыйлаганыма, суранганыма карабай зордуктап салды".

13 жаштагы Алина буларды айтып бере албай, көз жашына муунуп отурду. Жанындагы апасынын да жашы тыйылган жок.

Алинанын атасынын айтуусунда жаш кызды былтыркы жылдын август айынан быйыл февралга чейин эки милиция кызматкери жана дагы бир адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөн. Азыр соттук териштирүү жана тергөө жүрүп жатканына байланыштуу биз каармандардын баарынын ысымдарын өзгөртүп атайбыз.

  • Кызды зордуктоого айыпталып, соттолуп жаткандардын бири - 41 жаштагы Кумарбек, эки жолу үйлөнүп, беш баласы бар. Мурда соттолгон, абактан 2009-жылы бошотулган. Сотто "Дордой" базарында кароолчулук кыларын айткан
  • Экинчиси - 39 жаштагы Дайырбек, жогорку юридикалык билимдүү. 2018-жылдан бери Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген. Үй-бүлөлүү, үч кызы бар.
  • Үчүнчүсү - 34 жаштагы Эрмек. Жогорку юридикалык билимдүү, сот тармагында иштеп жүргөн. 2016-жылы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө нөөмөтчү милиционер, 2019-жылдан бери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн. Ажырашкан, эки кызы бар.
  • Ал эми учурда иши тергелип жаткан төртүнчү шектүү - 20 жаштагы Марат, Бишкектеги мейманканалардын биринде официант болуп иштейт. Мурда соттолгон эмес, бойдок.

Булардын баары 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары кармалып, тергөө абагына камалган.

Свердлов райондук прокуратурасы жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген Кумарбектин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгү ("Жашы 14кө толо элек баланы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо") менен кылмыш ишин козгогон.

 

Последние новости