www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери Эркиндик бульварында кызды ала качып кетишти делген белгисиз унааны табышты. Бул тууралуу маалымат 24-июнга караган түнү саат 00:00дөр чамасында түшкөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кыз жардам сурап кайрылган, бирок аны эки жигит күч менен унаага салып кетишкен.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Биринчи Май РИИБдин жана ИИМдин кылмыш иликтөө кызматкерлери Subaru Impreza унаасын табуу үчүн, жүздөгөн видеокамераларды көрүп, окуяга күбө болгон адамдардан сурамжылоо жүргүзүп, ар кандай версияларды текшергенин билдирди.

"Милиция кызматкерлери күмүш түстөгү «Субару Импреза» үлгүсүндөгү унааны таап, ошол эле түнү жардам сурап кайрылган 2001-жылкы Б.Б аттуу кызды жана унаанын айдоочусу 2000-жылы туулган Н.М.ны табышкан.

Б.Б суралганда, жумуштан кийин жигити Н.М. менен жолугуп, Эркиндик бульварына барышып, ал жерден уруша кетишкенин түшүндүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Алар массалык маалымат каражаттарында жарыяланган макалалардан жана социалдык тармактардагы резонанстан кийин милицияга келгенден коркуп, бир аз убакыттан кийин унутулуп калат деп ойлошконун билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости