www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак-кыргыз чек арасынан өтүүгө аракет кылган унаанын ичинен 60 килограммдан ашык героин табылып, айдоочу кармалганын Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын расмий сайты билдирди.

10-декабрда Улуттук коопсуздук комитетинин чек арачылары кызматтык итти колдонуп, “Тойота Прадо” унаасынан өзгөчө жыты бар ак боз зат салынган таңгактарды Кыргызстандан Казакстанга өткөрүү пунктунан тапкан. Конфискацияланган нерсе кошумча иликтөө үчүн УКМКнын Жамбыл облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

11-декабрда экспертизанын жыйынтыгы менен алынган зат 60 кг 370 грамм салмактагы героин экендигин көрсөткөн. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эгерде баңги заттарын мыйзамсыз саткан деп айыпталса, шектүү 15 жылдан 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле анын үй-мүлкү конфискацияланууда деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости