www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн

Токтогул суу сактыгычында 16-декабрга карата суунун көлөмү 13,1 млрд. куб метр суу калды. Өлкөдө электр энергиясы автоматтык түрдө өчүп калуу коркунучу жаралганын вице-премьер-министр Равшан Сабиров парламенттеги жыйында билдирди.

Электр энергиясын колдонуу боюнча коюлган чектөөлөр азырынча бир да аймакта сакталбай жатканын эки күн мурун «Улуттук энергохолдингдин» өкүлдөрү да билдиришкен. Ноябрь айында 36 миллион киловатт-саат энергия колдонулган.

Равшан Сабиров 14-15-декабрга карата бул көрсөткүч дээрлик 70 миллион киловатт-саатка жеткен.

«Электр энергиясы 7-10 миллионго көп колдонулууда. Бардык көмөкчордондор кызып кетип жатат. Ушундан улам электр энергиясы автоматтык түрдө өчүшү мүмкүн».

Электр энергиясы үнөмдүү колдонулбаса өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал экенин 16-декабрда «Ош электр» жана «Жогорку чыңалуудагы электр тармактары» ишканасынын жетекчилери Ошто басма сөз жыйынында билдиришкен.

Токтогул суу сактагычына 19 млрд. куб метрден ашуун суу батат. 2007-08-жылдары Токтогулдагы суу 7-8 млрд. куб метрге чейин азайып, бийлик элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости