www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Темирбек Токтогазиев: Дастан мырза, «Манас жаңырыгы» сыналгыда сиз менен 16 сааттык маегибиз бар экен. Бул маектерде, негизинен, улуттук дөөлөткө тиешелүү ар кыл суроолор чагылдырылыптыр. Эми, бул маегибизди тарыхтан баштасак. 2018-жылы басмадан чыккан «Горы и высокогорье – колыбель человечества» аттуу китебиңиз илимий чөйрөгө багытталып, аны түшүнүп, кабыл алуу кесиптүү билим, атайын даярдыкты талап кылат экен. Маегибиз окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналган соң, илимий тереңдикти козгобой, кыска жана жөнөкөй түшүнүктөр менен жооп берсеңиз.
-2003-жылы Бишкекте академиктер Плоских, Какеев, илим докторлору Андашев, Асанканов, Жунушалиев ж.б. кытайлык кыргыз тарыхчысы, залкар окумуштуу, Жуңго коомдук илимдер Академиясынын Улуттар изилдөө институтунун доценти Анвар Байтурдун (1938-1991 жж) «Кыргыз тарыхы» аттуу китебин кыргыз тилинде басмадан чыгарган (Бишкек, «Бийиктик», 2003, 348 бет). Анда минтип жазылат: «Тарыхый маалыматтарга негизделгенде кыргыздар ата мекенибизде эң байыркы улуттардын бири болуп, алар эң мурда азыркы Батыш Сибирдеги Энесай дарыясынын башкы агымындагы райондор менен Тияншан жана анын батыш жактарындагы Орто Азия райондорунда жашаган эң байыркы адамдардын урпактары болуп эсептелет.
Бул райондордо алып барган археологиялык табылгаларга караганда кыргыз элинин ата-бабаларынын тарыхы божомол менен мындан 300 миң жыл мурдагы байыркы таш кылымынын түпкүрүнөн башталат.» - 14- бет.;
«Мындан 1 миллион 700 миң жыл илгери келип чыккан алгачкы адамдар так ушул Балкаш, Арал, Каспий, кара Деңиз, Энесай, Обь жана Эртыш, Иле, Сыр, Аму дарыяларынын жээктеринде жашаган. Ошондуктан бул райондор жер бетинде эң илгери пайда болгон алгачкы адамдар жаткан бел-бешиктеринин бири болуп калган.» - 15-бет. Мындай маалыматты Анвар Байтур Хи Лузни “Батыш Азия, Индия жана Килиттин алгачкы заман тарыхы” аттуу 1958-ж. чыккан эмгегинин 62-беттен алганын көрсөтөт. Демек, бул талашсыз далилденген илимий маалыматтар деп айтса болот.
-300 миң жыл мурдагы доорго тиешелүү археологиялык табылгалар кыргыз бабаларына таандык экенин илим кантип аныктаптыр?
-Муну аныктаган илим палеолингвистика деп аталат. Алгачкы адамдарда сүйлөө мүмкүнчүлүгү өнүкпөгөн үчүн, биринчи сөздөр ачык тыбыштырды жаратып, аларды жабык тыбыштыр менен айкалыштырууга байланган соң, төл сөздөр кыска, бир муундуу болгон. Кыргыз тилинде адам өзүн тааныган сөздөр: баш, чач, каш, көз, тиш, тил, бет, кол, бут, сан, ич, кан, жан, мээ, тас, жон, бел, иин ж.б.
Жаратылышты тааныган сөздөр: күн, түн, ай, нур, көк, жер, суу, таш, кыр, сай, зоо, кум, кыш, жаз, жай, күз, муз, чаң, көл, тоң, тоо, чөп, гүл, от, чок, бак, тал, ый, ыр, жип, чөл, кыл,ой, аң, жар, таң, кар, ит, бит, уй, кой, төө, тай, бээ, ат, каз ж.б. Тамак-аш: эт, сүт, май, дан, нан, бал, уу, ач, ток, жем, жут, ич ж.б.
Адамдардын байланышын камсыз кылган сөздөр: кел, кет, ал, бер,чык, жат, ур, ук, тур, кат, кир, же, кес, чеч, кал, бар, тик, жап, сай, айт, чап, жет, жүр, гүл, ме, ач, жак, кач, сой, кеч, саа, тез, сат, бат, ат, куу, кыл, каз ж.б. Маселен, орус тилинде бул сөздөр эки, үч, төрт муунду: со-ба-ка, ко-ро-ва, у-бе-гай, при-хо-ди, возь-ми, не-бо, солн-це, зем-ля, во-да ж.б. Кыргыз тилинде мужской, женский, средний род деген жок. Көп сан бир сан менен берилет: Атчандар айылга келди, меймандар кетти, жоокерлер качты, жылдыздар өчтү ж.б.
Демек, кыргыз тили сан (эсеп) боло электе, матриархат, патриархат доорлордон мурун пайда болгон. Алгачкы сөздөрдүн саны аз болуп, бир эле сөздөр көп маанилүү болгон: от жак, малды отко чыгар, ой (бөксө), ой жүгүртүү, жут (тамак), жут (мал кырылды), кир жуу, үйгө кир, кур, бак, бас, кач, уч, же, бар ж.б. Кыргыз тилин илим «аглютин» тил деп тааныйт: мурдагы сөздөргө тыбыш чаптап, жаңы сөздөрдү жараткан тил. Сүйлөө мүмкүнчүлүгү өнүгүп, өскөн сайын эски сөздөргө жаңы тыбыш кошуп, жаңы сөздөрдү жарата берген. Баш, башчы, башкарма; ар, аруу; жан, жаналгыч, жандуу; күч, күчтүү; бир, бирге; күн, күндүз; бак, бакыт ж.б. Илим кыргыз тилин эң байыркы тилдердин катарына киргизгени бекер эмес.
-Тилден бөлөк дагы кайсы белгилер кыргыздын 150 – 200 миң жыл тарыхын далилдейт?
-Алгачкы адамдар жер-жемиш терип, аңчылыкты жаңы эле өздөштүрүп, көп учурда этке жетпей, жапайы жырткычтардан калган сөөктөрдүн этин кырып, жиликтерди чагып, чучугун алып жеген. Бүгүн да кыргыз жиликти чагып, чучугун алмайын итке ыргытпайт. Бул салт таш доорунан калган. Көзү өткөн адамга кыргыз гана өкүрүп келет. Бул дагы таш доорунан калган салт. Кыргыз баласын «күчүгүм» деп эркелетет, орус «шенок» деп тилдейт. Бул дагы таш доорунан калган белги. XIX кылымга чейин ар бир кыргыздын үйүндө жаргылчак, чакмак таш (от жагуу үчүн), туяктан жасаган кетмен, сөөктөн жасалган тиричиликте колдонгон буюмдар болгон.
-Кыргызга таандык дагы кайсы белги палеолит (байыркы таш) дооруна таандык болгонун илим тастыктаган?
-Кийинки 40 жылда тарых илиминин чоң бутагы болуп палеоастрономия тармагы калыптанды. Бул илим 30 – 35 миң жыл мурун топ жылдыздардын жана белгилүү жылдыздардын ошол убакытта асманда жайгашкан жерин, түзүлүшүн, көрүнүшүн изилдеп, аныктайт. Россияда бул илим тармагынын түптөлүшүнө зор салым кошкон тарых илиминин доктору Ларичев В.Е. «История и культура Востока Азии» деген илимий жыйнакта 1992-жылы «Святилище созвездия Малая медведица» аттуу макала жарыялаган (Российская Академия наук, Сибирское отделение, Институт археологии и этнографии, Новосибирск, «Наука»).
Ошол макаладан кыска үзүндүлөрдү которбой (мазмунун так сактап) келтирейин: «Экспериментальные исследования уже несколько лет ведутся Июсской археологической экспедицией в районе так называемых сундуков в предгорьях Кузнецкого Алатау, которые протянулись вдоль левого берега р. Белый Июс недалеко от поселка Июс в Северной Хакасии» - 9-бет.
«Как выяснилось, наблюдения с вершины горы Черной (Кара-Тоо) начались еще в палеолите и осуществлялись помимо времени таштыка, также в эпоху тагара. В сферу внимания древнего человека горного пояса Южной Сибири входили не только околополярные созвездия, но и Солнце, Луна и зодиакальные созвездия» - 25-бет.
«Судя по всему, видение в созвездии Большой Медведицы именно этого животного относится к эпохе мустье, этим обстоятельством можно объяснить очевидное проявление в духовной культуре ниандартальцев так называемого культа медведя… Созвездие Большая Медведица было одним из первых, которое человек выделил около 50 тысяч лет назад.» - 14-бет.
«Это было замечено в эпоху верхнего палеолита, когда были разработаны высокосовершенные лунно-солнечные календари» - 15-бет. «Хакасы придавали высочайшую значимость той точке неба, в которой находится астрономический север. Именно это место именовалось необычно – тигир түндүгү – дымовое отверстие неба» - 17-бет. 1985-жылы «Каменный век северной, средней и восточной Азии» деген илимий журнал жарык көргөн. (Академия Наук СССР. Институт истории, философии и филологии, Новосибирск, «Наука». 1985). Бул журналда тарых илиминин доктору Ларичев В.Е. «Лунно-солнечный календарь погребения Мальты» аттуу макала жарыялаган. Андан да которбой кыска үзүндүлөрдү келтирейин:
«Календарь древнекаменного века в том виде в каком он понят и реконструирован по материалам погребения Мальты, представляет собой превосходно систематизированное и тщательно зафиксированное для надежного сохранения собрание уникальных знаний палеолитического человека Сибири о природе. В сущности, его записи знаками самой календарной системы есть исключительный по важности итог десятков тысячелетий наблюдений за небесной жизнью…Календарь - лишь вершина айсберга познаний первобытным человеком окружающего мира. Разработка столь совершенной системы счисления времени по Луне и Солнцу с выходом на проблему предсказания затмений предполагает успешное решение целого комплекса задач, которые входят теперь в круг интересов точных наук.
Систематическое слежение за движениями Луны и Солнца и фиксацию их положений по азимуту при восходах и заходах невозможно представить без сложившихся приемов линейных и угловых замеров, а также без использования соответствующего инструментария» - 84-бет.
«Найденное в 1929 году у с. Мальта не берегу р. Белой (Ак-Суу), притока р. Ангара, захоронение эпохи палеолита… содержало кроме каменных и костяных орудий после расшифровки комплексную календарную систему. Возраст захоронения был определен в 24 тыс. лет» - 82-бет.
Кеңири маалыматты В.Е. Ларичевдин «Мудрость змеи: первобытный человек, Луна и Солнце». Академия Наук СССР. Сибирское отделение, Новосибирск, «Наука», 272 стр., 1989 г. аттуу китебинен алса болот.
Анда минтип жазылат: “Архантропы, современники синантропов и питекантропов, судя по десяткам открытых Г.И. Медведевым в 1960 – 1970-е годы стойбищ, прочно освоили долину Ангары и низовья р. Лены в Прибайкалье около четверти миллиона лет назад.” – 10-бет. (Демек, 250 миң жыл мурун!)
«…отныне смело можно говорить о настоящем становлении науки, причем наиболее сложного его отдела – математики. Занятия астрономией требуют чрезвычайно тонких познаний, как в арифметическом счете, так и в геометрии. Культура древнекаменного века выглядит в свете этого вывода своеобразной охотничьей цивилизацией, предшественницей великих землевладельческих цивилизаций юга и востока Евразии.» - 259-бет.
-Бул маалыматтын баары кыргызга кандай тиешеси бар?
-Жылдыздардын сүрөтү Хакасияда (кыргыздардын түпкү мекенинде) палеолит доорунан баштап, тоо-кар, таштык маданияты учуруна чейин, 50 миң жыл бою Кара-Тоо аскаларында чегилген (кышында кар баспаган, шамал учуруп күнгөй тарапта болгон үчүн). Аксу дарыясынын сол жээгинде, Сандык өрөөнүндө. Теңир түндүгү – кыргыз сөзү, Мальта кыштагы (малдуу) Аксу дарыясынын жээгинде жайгашкан, Ангара дарыянын куймасы. Кеңири маалымат эки китебимде берилген: Сарыгулов Д.И. “Кемиген кыргыз” (келечек муундарга айтылган сөз). Бишкек, 2007 ж. 128 бет, «Горы и высокогорье – колыбель человечества», Бишкек, 2018 ж, 136 бет.
-Ай календарын кыргыздар бүгүн да чыгарып жатканы бекер эмес экен да?
-Тогол күндөрүн кыргыз гана билип, эсептеп, турмушта колдонуп келет. Ай календарын кыргыз гана чыгарып, келаткан жылы кайсы күндөрү аба ырайы бузулат, жаз, кыш качан келет деп алдын ала көрсөтө алат. Дүйнө жүзүндө Токио, Берлин, Пекин, Лондон, Нью-Йорк ж.б. өлкөлөрдүн бири да алдын ала бир жылдын аба ырайын айтып бере албайт. Улугбек бабабыз XV кылымда түзгөн жылдыздардын картасы бүгүн да эң так түзүлгөн асман картасы болуп эсептелет. (Улугбек, Тамерлан кыргыз болгону жөнүндө сөз кийин болот – 84-107 беттер).
-Палеогенетика илими да кыргыздын байыркы тарыхын тастыктайт деп айтып келатасыз го…
-Бул илим атайын даярдыкты талап кылган соң, тереңине кирбей, кыска сөз менен чектелсек. Кыргыз элинин 63 пайызы R1а1 гаплогруппасын алып жүрөт өз ДНКсында. Илим бул гаплогруппа мутация (тынбай өзгөрүү) жолу менен 14 миң жыл илгери пайда болгонун, ал эми анын башаты - R гаплогруппасы 35 миң жыл илгери пайда болгонун аныктады.
-Афанас, Андрон, Кара-Су, Тоо-Кар, Таштык дөбө маданияты –баары кыргызга таандык деп жазып да, айтып да келатасыз...
-Мен эмес, атактуу тарыхчы-археолог Бернштам Н.А. 1942-жылы докторлук диссертациясын жактап, кыргыз тарыхы археологиялык эстеликтердин негизинде биздин доордон төрт миң жыл мурун, Афанас дөбө маданиятынан башталат – деген корутундуга келген. (Бернштам Н.А. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана, Бишкек, 1998 г. том II, стр. 169).
СССР илимдер академиясынын академиги Киселев С.В. минтип жазат: “По поручению Государственного Эрмитажа М.М. Герасимов вывез из Чаатаса карасукские стеллы и раскопал те кыргызские каменные курганы, возле которых они стояли” - 413-бет, (Киселев С.В. «Древняя история Южной Сибири» Академия наук СССР, Институт истории материальной культуры, Москва, Издательство АН СССР, 1951 г.) – 638-бет. «Это позволяет уже теперь говорить о таштыкской культуре как об основе развития культуры енисейских кыргызов. В своем месте это вполне оправдывается анализом кыргызских материалов» - 458-бет.
Айтылган беш дөбө маданияты – баары кыргыздын түпкү мекени – Хакасияда табылган. Демек, табылган жер аты менен баарын бириктирип – Кыргыз дөбө маданияты – деп аталышы керек эле, бирок СССР доорунда КПССтин идеологиясы буга тыйуу салган. 1951-жылы басмадан чыккан илимий эмгегинде СССР илимдер академиясынын академиги Киселев С.В., (жалпы көлөмү 638 беттен турат) айтылган беш дөбө маданияына 443 бет арнаган. Беш дөбө маданияты жөнүндө окурман үстүртө маалыматты 2007-жылы басмадан чыккан “Кемиген кыргыз” – келечек муундарга айтылган сөз” – деген китебимдин 14 – 49- беттеринен алса болот (Сарыгулов Д.И. Кемтилген китеп – кемиген кыргыз. Бишкек. 2007 ж. 128 бет).
Мамлекеттик кызматтын Биринчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси, профессор Дастан Сарыгуловдон маек алган Темирбек Токтогазиев.
«Коронавирус апааты жана Кыргыз Дөөлөтү» китебинен алынды.
Булак: NazarNews.kg