www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев деген президент болгон, ал гитара чертип ыр чыгара турган. Анын чыгарган “Кыргызстаным” деген ыры популярдуу болуп, хитке айланып “Ялла” деген атактуу ансабль ырдап чыккан. Имамидин мырза да гитара, комуз чертип, пианино ойногон жагынан Атамбаевди суу кечирип салат. Ал эмес сүрөттү укмуш тартат Микеланджело, Пикассо, Рафаэлдер биякта эле калат. Көп өнөрдүн ээси, Имамидин Ташов ал эмес пара берүү өнөрүн да “катта” үйрөнгөн, көп кабаттуу имараттарды куруп жаткандыктан кайсы бир атка минерлерге пара бербесе иш жүрбөсүн билет. Исхак Раззаков, Апсамат Масалиев жердештери пара беришпей эле бийлик башында турушкан. Позитивдүү жакшы ойлорду ойлойт, Кыргызстанга алтымыш кабат үй кургусу келет. Жер титиреп турган Жапонияда деле көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.Сингапурда жасалма арал куруп 70-80 кабат үйлөр курулуп жатат. Тоолуу Кыргызстанда эмнеге болбосун? Баткендин өрүгүн жеп чоңойгон Имамидин мырза 2020-жылы октябрда депутаттык жарышка барып келген. Эми президенттикке талапкер болуп отурат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости