www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пневмония менен жабыркаган медициналык кызматкерлерге компенсация төлөп берген бир дагы факт жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, медициналык кызматкерлер үчүн компенсациялар лабораториялык тастыкталган COVID-19 учурда гана төлөмдөрдү камсыз кылган өкмөттүн буйругунун негизинде төлөнүп жатат. “Документ май айында кабыл алынганда, пневмония менен коронавирус бириккен эмес болчу, алар лабораториялык тастыкталган COVID-19 жөнүндө гана айтышты”, – деди ал.
Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген кызматкер же медиктерге компенсация төлөө боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү комиссиясынын катчысы Индира Жумабаева белгилегендей, медициналык кызматкердин статусу жөнүндө мыйзамда компенсациялар өзгөчө кырдаалда жана өзгөчө абалда кызматтык милдеттерин аткарууда ден-соолугуна коркунуч келтиргендерге төлөнө тургандыгы так көрсөтүлгөн.
«Ал жакта COVID-19 же пневмония деген жок. Азыр төлөмдөрдүн тартиби өкмөт менен макулдашылып жатат. Эгер ал кабыл алынса, бизде ушул категориядагы оорулууларга төлөөгө негиз болот», – деп кошумчалады ал.
Эске салсак, июль айында пневмония менен коронавирустун статистикалык маалыматы бириктирилген.
Булак: NazarNews.kg