www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу менен алектенген жарандарды кармады.

Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын кызматкерлери Ош шаарынын Кулатов кичи районунан 1972-жылы туулган Р.У. аттуу жаранды кармашкан. ИИМдин маалыматы боюнча, анын автоунаасынан 935 грамм гашиш табылды.

Андан кийин ыкчам маалыматтын негизинде 1972-жылы туулган М.Б. аттуу жарандын жашаган жерине тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кара-Суу районундагы айылдардын биринде кызматтык иттерди пайдалануу менен жүргүзүлгөн текшерүүдө короодон 2 килограмм 19 грамм героин, 3 килограмм 972 грамм гашиш, 16 грамм марихуана табылды.

«М.Б. бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттардын жалпы салмагы 6 килограмм 942 граммды түздү», - деп айтылат билдирүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости