www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын ИИМ Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери «З.Ж.А.» кармалды. Кармалган адам арыз ээсине карата сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости