www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованы колдоого чакырды. UWW спортчу кыздын сүрөтүн чыгарып, анын Instagram баракчасында катталуучулар арбып жатканын белгилеген. 

"Кыргызстандык биринчи дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын Instagram баракчасынын катталуучулары 150 миңге чукулдады. Айсулууну колдоого алалы!" — деген билдирүү калтырган аталган уюм. 

Эске салсак, балбан кыз жакында эле Польшада өткөн рейтингдик Poland open эл аралык мелдешине катышып, чемпион болгон. Учурда мыктылардын дүйнөлүк рейтингинде аталган салмакта биринчи орунда турат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости