www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көк бөрүнүн президенти Канат Исаев намыска келип Көк Бөрүнү чыңдамак түгүл, чыккынчылык менен Көкпарды чыңдаганын кандай түшүнсөк болот? 2014-жылдын ноябрь айында Назарбаевге жагынган Булат Утемуратов “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын” түзүп, ага болгон улуттук оюндарды анын ичинде көкбөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон. Бул жерде Эл аралык көкбөрү федерациясы турганда, көкпар Казакстандын атынан кайсы бир ассоциацияга кирбеши керек эле. Бир эле спорттун эки уюмга кирип алганы нонсенс жана Кыргызстан андайга жол бербеши керек болчу. Бирок, кыргызга чыккынчылык кылып Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап казактардын документтине кол койгон.
Канат Исаев бул документке кол койгондо бир гана көк бөрүнү көк пар деп өнүктүргөнгө эле эмес, оодарыш, тыйын эңмей, бүркүт салмай, кыз куумай, жамбы аттуу, тогуз коргол өӊдүү оюндарды кыргыздыкы эмес сыяктуу, бул казактардын оюну ошондуктан казактардын ассоциациясынын атынан өнүктүрөбүз деп кол коюп берген.
Канат Исаев эл аралык «Көк Бөрү» федерациясынын президенти болуп туруп кыргыз элинин кызыкчылыгын коргомок түгүл, өз капчыгынын айласын ойлогонун кандай түшүнсөк болот? Канат Исаев көк бөрү менен көк пардын эмне айырмасы бар экенин түшүнмөксөн болуп, экөө бир эле оюн деп жооп берди. Ооба, казак-кыргыз бир тууган, бирок ар бир элдин улуттук баалуулуктары бар. Дүйнө көкпар дегенде Казакстанды, көк бөрү дегенде Кыргызстанды түшүнөт. Көкпар менен көк бөрү эки элдин улуттук кызыкчылыгын коргоп келген. Бул маселе Канат Исаевдей өз улутунун кызыкчылыгын акчага алмашкандар үчүн кеп деле эмес накта улут бузар, эл безерди ушул жака алып барганыбызга таң калычтуу.
Исаев президент болуп турганда биз дүйнөгө көк бөрү оюнубузду тааныта албасыбызга көзүбүз жетти. Эми Канат Исаевди ээрчип, казак элинин көкпар улуттук оюнун кыргыз көк бөрүчүлөрү колдоого алып калчудайбыз. Эл аралык «Көк Бөрү» федерациясы Канат Исаев Казакстандын “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясына» кол койгондон кийин, биздин кыргыздар Нур-Султандын акчасы үчүн мөөрү жоголгондугун айтып, кайрадан көчүрмөсүн жасаган. Казак туугандар кыргыздарды сатып алганын айгинелеп, Өзбекстанда өткөн эл аралык көк бөрү федерациясынын конгрессинде документтин көчүрмөсү менен видео тасма алып келишип кыргыздарды бечара деңгээлине түшүрүп койду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg