www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бала чагыңыздагы ачык түстүү жылтырактар эсиңиздеби? Ал кайда жана кантип пайда болгонун айтып беребиз.
Рождестволук балатыны кооздоо үчүн жылтыракты колдонуу салты 17-кылымда Германиядан пайда болгон. Ошол күндөрү ал чыныгы күмүштөн жасалып, анын жардамы менен жаңы жылдык балатыны кооздошкон. Күмүш бышык жана узак убакытка чейин колдонгонго жарактуу болуп, бирок баасы бир топ эле жогору болгон. Кийинчерээк алар коргошун менен калай аралашмасынан жасоого аракет кылышкан, бирок мындай мишура өтө оор болгон. Бир топ ыңгайсыздыктар жаралгандан соң, жез менен калайдан жасоону туура көрүшкөн.
Ал эми Россияга 18-кылымда келген. Бир нече кылымдан кийин, Кытайда жаңыртылып чыгарылып, бүткүл дүйнөгө тараган.
Жаңы жылдык балатынын жылтырагынын пайда болуусу туурасында кызыктуу уламыш айтылып келет. Анда мындай деп айтылат:
“ Илгерки заманда көп балалуу эне болгон. Үй-бүлөдө каражат жетишсиздигинен улам, алар жаңы жылдык балатыны чындап күмүш кооздуктар менен кооздой алган эмес. Үй-бүлө мүчөлөрү уктап калганда, жөргөмүштөр даракка желе токушкан. Башкаларга кылган жакшылыгы үчүн, кудай желени жаркыраган күмүшкө айландырган. “
Пайда болуусунун илимий негиздемесине келсек, анын негизи мөңгүлөрдө жатат. Дал ушул мөңгүлөр жылтылдап, асан-үсөндүн бардык түстөрү менен жаркырап турганы менен көңүлдү өзүнө буруп, кол өнөрчүлөрдү кооздукту жаратуу идеясына түрткөн.
Замандын өнүгүүсү менен жаңы жылдык мишуранын түркүн түстүүсү менен катар ар кандай формадагысы чыкты.
Балатыны байпактар менен кооздойсузбу, же болбосо эскиче алма же пряник менен кооздойсузбу, айырмасы жок, эң башкысы, сүйүү менен жана жакшы маанайда жасаңыз, ошондо Жаңы жылдык майрамыңыз жүз пайыз ийгиликтүү болот!
Булак: NazarNews.kg