www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай «Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү» аттуу семинар өттү.

Семинарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, белгилүү тилчилер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.

«Тилди оңдобосо башка тармактын оңолушу оор болот. Андыктан тилге өтө аяр мамиле жасоо керек. Мисалы Чынгыз Айтматов чыгармаларында «атыр», «жатыр» деген сөздөрдү колдонгон. Ошолор адабий тилге кирсе болбойбу? Өткөндө Чаткалга баргам.

Чаткал тууралуу ыр жазып, бир жеринде көркүнө салып жатыры деп жазып койсом, ошол сөздү обонго салганда, «жатат» деп оңдоп коюшуптур. Тартынбай эле адабий тилди сөздөр менен байыта берсек анын эмнеси жаман?

Айтматовдой адамдар жөн жазбайт деп ойлойм. Ошентип отуруп куштун канатын кырккандай тилдин канатын кыркып салып жатабыз», - дейт министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости