www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Кыргызстанда туризмдин көлөмү 90% азайды

Бүгүн 30-ноябрда тренингдин ачылышы болду. Анда Кыргызстандагы туризмдин кирешеси 2020-жылы COVID-19 вирусунун айынан 80-90% азайганы белгиленди. UNDP уюштурган окутууларга 25 ишкер катышууда. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өнүктүрүү программасы (UNDP) өткөргөн туризм тармагында иштегендер үчүн онлайн тренингде 2020-жылы өлкөдө туризм тармагынын 90% киреше ала албай калганы айтылды.

Аталган программа Кыргызстанда «окуялуу туризмди өнүктүрүү» багытында Нарын, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустунун ишкерлери үчүн аралыктан окутуу уюштурган.

Иш-чара Туризм департаменти менен бирге өтүп, соңунда катышуучуларга «Туристтик ишмердүүлүктү башкаруу» тармагы боюнча мамлекеттик үлгүдөгү сертификаттар берилет.

Ишкерлер окуялуу туризм, менеджмент, англис тили жана туризмдеги санариптик технологиялар багытында билим алып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости