www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү Туркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясы кайрадан импорттоло баштады. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, импорт график боюнча эки өлкөнүн ортосундагы буга чейинки келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Түркмөнстан мамлекетинен Кыргызстанга электр энергиясынын токтотулганын бирден-бир себеби, ал жактагы табигый кырсыктан улам линияда авария болгон. Ошол себептен Түркмөнстан оңдоо-иштерин жүргүзүп алганга чейин Кыргызстанга электр энергиясын импорттоону убактылуу токтотуп турган.
"Мындай жагдай биздин өлкөгө терс таасирин тийгизбейт, себеби биз өзүбүздун гидроэлектр станциялардан ТЭЦ-Бишкектен электр энергиясын чыгара беребиз. Ал эми электр энергиясын импорт кылып жатканыбыздын максаты, келерки жылга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн сактап калуу", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg