www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адилет жарыш парламентке профессионалдардын келишине кепилдик боло албайт. “Кыргыз Республикасынын саясий чөйрөсү: шайлоого чейин жана шайлоодон кийин” деген темада тегерек столдун катышуучулары ушундай пикирде.
Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикиринде, таза шайлоо өткөрүүгө, реформаларды жүргүзүүгө жана күчтүү өнүккөн мамлекетти курууга бир эле эрк жетишсиз. Бул үчүн каалоодон тышкары компетенция, жөндөм жана билим керек, ал үчүн иштөө керек.
Эксперт жаңы шайлоо мыйзамынан улам жер-жерлерде пара алуу коркунучу күчөгөн деп эсептейт. Саясат таануучу шайлоо күнү бир мандаттуу округдарда добуштарды массалык түрдө сатуу жана сатып алуу болбошу үчүн сак болууга чакырды.
Белгилей кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg