www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 100 миң паспорттун бланкы жоголгон. Аларды террорчулар менен кылмышкерлер колдонуп жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу паспорт жасап чыгаруучу “Интерлинкс” компаниясынын башкы директору Таалайбек Жумадылов “Майдан” дебаттык программасында айтты.
“Кыргыз Республикасында паспорттун 1994 жылкы үлгүсүндөгү 3 миллион бланктын 100 миң даанасы жоголгон. Жоголгон бланктарды террордук уюмдар жана башка кылмышкерлер кийин жасалма ID паспорт же чет элдик паспорт алуу үчүн колдонуп жүрүшү мүмкүн. 2004-жылы жоголгон паспорттордун бланктары түгөнүп калган. Ошондо 12 жыл эмне болгон? Саймаити 2014-жылы паспорт алган. Ал 1994-жылкы паспорттун негизинде алып жатам деп арыз жазган. А эмне үчүн паспорттук столдо андан туулган жылы тууралуу күбөлүктү жана аскердик билетин сурашкан эмес? Саймаити паспортту чоң эле кезинде алган, бирок ал ага чейин бир жакта төрөлгөн, окуган да. Паспорт берип жаткан кезде эмне үчүн бул тууралуу маалыматты сурашкан эмес?”, -дейт экспет Таалайбек Жумадылов.
Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркин Саймаити мурда Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 1988-жылы туулган КЭРдин жараны жердеши Саймаитиге чара көрүүнү суранып арыз менен кайрылган. Анын айтымында Саймаити 2016-жылы Кара-Суу базарында 3 млн 28 миң доллар турган товарды ээлик кылып алган. Кылмыш жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Саймаити издөөгө алынган. Тергөө ишинин жүрүшүндө издөөгө салынган адам 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген Кыргызстандын жараны деген ID паспорту жана чет элдик паспортту колдонуп жүргөнү аныкталган.
2019-жылы июль айында аталган факт “Мыйзамсыз паспорт берүү” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иши башталган. Бул боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Мамлекеттик каттоо кызматынын паспорт берүү жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси айыпталып, кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Айеркен Саймаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Ушул жылдын 10-ноябрь күнү ишкер Айеркен Саймаити Стамбул шаарынын Фатих районунда жайгашкан мейманкалардын биринде атылган. Ал алган жаракаттарынан ооруканада көз жумган. Кылмышка шектүү делип түрк полициясы 3 эркек кишини кармашкан. Алардын экөөсү Кыргызстандын жараны, бирө Сириянын жараны экени маалым болгон. Алар күнөолөрүн моюнга алып көрсөтмө беришкен.
Саймаитинин өлүмү Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун иштен кетишине алып келген. Тышкы иштер министрлиги кылмыш болгон жерде токтотулган Range Rover үлгүсүндөгү жол тандабас Сопоковдун унаасы экенин жана анын номери дипломатиялык экенин расмий билдирген. Ал эми Сопоков унаасы Саймаити өлтүрүлгөн жерге жакын жерде кантип туруп калганын түшүндүрүп бере алган эмес.
Булак: NazarNews.kg