www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулар инка уруусунун 3 баласынын жакшы сакталып калган сөөгүн изилдеп чыгышып, алар өлүм алдында спирт ичимдиктерин ичип, баңги зат колдонушкан деген бүтүмгө келишкен. 

Балдардын сөөгү жакшы сакталып калган. Алардын сөөгү Аргентина менен Чилинин чек арасына жакын жердеги тоолуу райондордо тоңуп калган абалда табылган. Айрым маалыматтар боюнча Анды тоо кыркасында капакоча жөрөлгөсүнө ылайык ушул балдар курмандыкка чалынышкан. Бирок ошентсе да, алардын денесинде зомбулук белгилери байкалган эмес. 

Окмуштуулар өспүрүмдөрдү тил алчаак кылыш үчүн алдын ала атайын спирт ичимдиктерин ичүүнү жана баңги затты чегүүнү үйрөтүшкөн деп эсептешет. Аталган заттардын жогорку дозасы балдардын эң улуусу 13 жаштагы кыздан табылган. Рентген анын тишинин арасында баңги заттын калдыктарын калганын көрсөткөн. 

Балдардын сөөгү 1999-жылы табылган. Ал эми алардын денесинин жакшы сакталып калышы бийик тоолуу аймактын шарттары менен түшүндүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости