www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КР Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты, айыл чарбасынын отличниги, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити тууралуу өз оюн айтты.
Азыркы маалда эл аралык чыр-чатакка айланган Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу оюм менен бөлүшкүм келди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча Кытайдын жараны 3 миллиондон ашык долларга алданып калганы үчүн Кыргызстандын ички иштер министрлиги иш козгоптур. Ошондой эле буга чейин Кыргызстандан Саймаити, анын аялы жана Саймаити көзөмөлдөгөн «Абдыраз» фирмасы аркылуу 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып кеткени айтылып келген.
Мамлекеттик каттоо кызматы анын кыргыз жараны экенин танып жатса, ИИМ болсо Саймаитини Сузак районунан мыйзамсыз паспорт алыптыр деген аныктама берди. ТИМ бул маалыматты танбай эле, чындыкты айтышса болмок, себеби бийликке ишеним кетип жатат. Биздин ИИМ 2017-жылдан бери Интерполго чейин берип Саймаитини издетип жатса, өзүбүздүн өкмөтүбүздүн тышкы иштер министрлигинин генералдык консулу ага өзүнүн машинасын берип, ташып жүргөнүн кандай түшүнсө болот?! Бул кандай Өкмөт болуп калат бизде?!
Бүткүл дүйнө жүзүнө уят болуп жатабыз да, кылмышкер деп Интерполдо изделип жүргөн киши Кыргызстандын башкы консулунун машинасы менен жүрүп жатса. Жана ошондой эле Кыргызстандын жарандары Түркиядан адамды өлтүрүп кетти деген сөз эч кандай мамлекетибизге аброй алып келген жок. Бул ишти тыкан иликтеп туруп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартса жакшы болоор эле деп эсептейм, -дейт Кубанычбек Исабеков.
Эске салсак, 11-ноябрь күнү Кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу жараткан Айэркен Саймаитиге кол салуу болгон учурда, ал Кыргызстандын Түркиянын Стамбул Башкы консулдугунун дипломаттык номери тагылган Range Rover үлгүсүндөгү унаа менен жүргөнү аныкталган.
Булак: NazarNews.kg