www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай балдар суицидке барышат?

Ата-энеси эки ажырым жолго түшкөн же ажырашуу тууралуу билип калган өспүрүмдөр "мен жакшы окубай койгонум үчүн же болбосо ата-энемдин тилин албай койгонум үчүн алар ажырашып кетишти" деген түшүнүк пайда болот. Эгерде баланы убагында бул түшүнүктөн арылтпаса, бала бара-бара өз өмүрүнө кол салуу тууралуу ойлоно башташы мүмкүн.

Ата-энеси көптү талап кылган бала алардын үмүтүн актабай калса да өз өмүрүнө кол салуусу ыктымал. "Ата-энемдин үмүтүн актабай калдым, мен жаман баламын. Уят кылдым" деп өзүн ата-эненин алдында күнөөлүү сезет.

Мектептеги мугалимдердин катуу сындары, өзүнөн күчтүү классташтарынын басмырлоосуна же шылдыңдоосуна кабылган бала да суицид тууралуу ойлонуусу мүмкүн. Анткени анда өзүн басмырлаган адамдарга болгон жек көрүү күч болот да, алардан кайсы бир жол менен өч алууну каалайт. Эч нерсе колунан келбегенде аларды өзүнүн өлүмүнө күнөөлүү кылып өч алууну максат кылат.

Кээ бир ата-энелер баласын катуу кармап, "биз деле ушундай тартипте чоңойгонбуз, мына, адам болдук" деп ойлошот. Атүгүл баласынын кызыгуусун эске албай көп нерселерге бөгөт коёт, чектейт, катуу көзөмөлдөйт. Ата-энесинин мындай катуулугу жүрөгүнүн үшүн алган бала туура эмес иш жасаса, алардын жазасынан коркуп өмүрүнө кол салышы мүмкүн.

Өзгөчө өспүрүм курактагы балдар бул мезгилде көп нерсени билүүгө ашыгышат, жаралып жаткан көйгөй, ойлору менен бөлүшүүнү каалашат. Өз оюн бийик коюп, өзүн башкалардан өзгөчө көрөт, айланасындагылар ага каршы чыгып жаткандай туюлат, Эгерде мындай учурда жанында колдоп турган адамы болбосо, бул дүйнөгө жаралганына өкүнүп кетет. Албетте, дароо эле суицидке барууну ойлонбойт. Адегенде суицид тууралуу фразаларды айтып жакындарын жардамга чакырып, алардын башынан сылаганын каалайт. Болбосо гана жалгыздыктан өз өмүрүнө кол салат.

Акыркы кезде миграциянын агымы күч алып, балдарын чоң энесинин же таякесинин колуна же болбосо бала багуучуга таштап кеткен ата-энелер арбын. Муну бала чыккынчылык, өзүн таштап кеткендей кабыл алат. Мындан улам алсыз, жашоодогу кыйынчылыкка туруштук бере албаган бала калыптанып, суицидке барууга даяр болот.

Ата-энелерге кеңеш:

Балаңызды ашыкча көкөлөтпөңүз. Айрым ата-энелер баласына чаң жугузбай ар тараптан коруп, ал үчүн чечим чыгарып коюшат. Мындай тарбияда өзүнө тура албаган, ишенбеген адам болуп чоңоёт да, турмушундагы кенедей кыйынчылыкты чоң көрүп өлүм менен жеңүүнү ойлонот.

Балага мээрим керек. Балаңызды канчалык көп эркелетип, анын оюн бааласаңыз, анда "мен керекмин" деген сезим калыптанат.

Балаңыз менен келечек тууралуу көбүрөөк сүйлөшүңүз. Ал келечек балаңыз кыялдангандай болсун. Ошондо баланын жашоого болгон кызыгуусу артат.

Балаңызга дос болуңуз. Кайсы учурда кандай көйгөй жаралбасын, балаңыз сизден колдоо тапкандай болсун. Ал үчүн баланы башынан өзүңүзгө жакын кылып тарбиялаңыз. Көп сүйлөшүңүз. Сиздердин сүйлөшүүңөр "тамактандыңбы?", "сабак окудуңбу?", "акчаң барбы?" деген сөздөр менен гана чектелбеши керек. Актуалдуу темалардан сөз кылыңыз. Аны да таппай турсаңыз, күлкүлүү окуя, кызыктуу тасмалар туурасында айтып, өзүңүзгө жакындатыңыз.

Балаңыздын жашоосуна кызыгып туруңуз. Бирок муну көзөмөл менен алмаштырбаңыз.

Эгерде балаңыз суицид тууралуу ооз ачса, муну коркутуу деп билбеңиз. Муну менен балаңыз өзүнө көңүл бурдурууну каалайт, эгерде тилеги ишке ашпаса, оюндагысын аткарып салуусу ыктымал.

Балаңызды урушканда "сени ушинтип төрөбөй эле койсом болмок", "атаңа окшоп колуңдан келбейт", "жакшылыкты билбеген" деген өңдүү балаңыздын намысына шек келтирген, кемсинткен сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз. Бул сөздөргө балаңыз биринчисинде унчукпай коюшу ыктымал, бирок жүрөгүндө калат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости