www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жумушсуздуктун айынан көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыгып кетип жаткандыгы сыр эмес. Алардын басымдуу бөлүгү салттуу түрдө Россияны көздөй бет алышат. Көпчүлүгү Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунун тургундарына туура келет.

Акыркы жылдары эле аталган үч облустан Россияга 660 миң адам чыгып кетиптир. Тактап айтсак, расмий маалыматтар боюнча Ош облусунан – 200 миң, Жалал-Абад-облсунан дагы  - 200 миң, Баткен облусунан – 260 миң кыргыз жараны иш издеп Россия Федерациясына кетишкен. Мындай маалыматты Ош шаарында өткөн иш-чаралардын биринде РФнын Ош шаарындагы консулу Андрей Григорьев айтты.

Ошентип, өлкөнүн ишке жарамдуу жарандары жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөп кетип жатат. 2017-жылга карата Баткен облусунун жалпы калкынын саны 503 миң адамды түзгөн. Анын 260 миңи Россияга кетсе анда азыр облуста 243 миң адам эле жашайбы?. Анан кантип чек арадагы бош калган аймактарга коңшу өлкөнүн жарандары келип отурукташпасын деген суроо жаралат?   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости