www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кош бойлуу кезде кофе ичкенге болбойт. Бул тууралуу АКШнын улуттук институтунун окумуштуулары изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып жарыялашты.
Окумуштуулар боюнан түшкөн 1200 аялга эксперимент жүргүзүшкөн. Изилдөөдө аялдардын канынын курамында кофеиндин саны көбөйүп кеткендигин байкашкан. Эксперттер кош бойлуу кездин баштапкы 8 жумалыгына чейин кофе ичүү өтө кооптуу экендигин билдиришкен. Кофеиндин ар бир 100 миллиграммы түйүлдүктү салмагынан 72 граммдан кемитип тураарын, мындан тышкары, кофеин түйүлдүктөгү баланын боюна жана башынын көлөмүнө чоң таасир берерин, бул баланын бойдон түшүүсүнө алып келээрин аныкташкан.
Жыйынтыгында кофени көп ичкен аялдардын балдары башкалардыкынан орто эсеп менен 170 грамм кичирээк болуп төрөлөрү айкын болгон. Адистер ашыкча кофеин баланын көлөмүнө гана эмес, ички органдарына дагы терс таасир тийгизерин айтышты.
Ошондуктан кош бойлуу аял кабыл алган кофеиндин көлөмү күнүнө 200 миллиграммдан ашпашы керек.
Булак: NazarNews.kg