www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2020-жылы 70 миңден ашык адам каза болуп калышы мүмкүн. Мындай болжолдуу сан бүгүн, 24-июндагы “Өнөктөштүк байланыш” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев тарабынан басма – сөз жыйынында айтылды.
Анын айтымында, Иш жүзүнө келгенде, кыргызстандыктардын бир катар жашоого керектүү негизги муктаждыктары каржыланбай келет. Мамлекет өзүнүн чыгашаларынын 11%ын гана саламаттык сактоо тармагына бөлөт, эң жок дегенде 13% бөлүү керек эле.
"Жетишпестик 2 млрд сомдун тегерегин түзөт. Кургак учукту, онкологиялык ооруларды, кант диабетин айыктырууга, органдарды алмаштырууга жалпы дарылоо үчүн дары-дармек менен камсыздалган эмес. Муну менен эле бейтаптардын саны жылдан – жылга өсүүдө",- деп айтты ал.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтымында, кыргызстандыктардын көз жумушунун 70-75%ын жугуштуу эмес оорулар түзөт.
Султангазиев билдиргендей, каржыланбай калуу боюнча резолюция түзүлүп, өкмөт башчыга жөнөтүлгөнү турат.
Булак:NazarNews.kg