www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын өнөр жайы оор ахыбалда экенин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өнөр жай жана ишкерчилик Комитетинин жыйынында баса белгиледи. Анын айтуусунда бул тармакта иш артты көздөй тартып жатат, бул туура эгер Кыргызстан ушул боюнча алга кете берсе, анда эртеңки күнү сызга отуруп калышыбыз мүмкүн. Бүгүнкү күну Кыргызстандын чет мамлекеттерге болгон карызы 5 миллиард долларга чукулдап баратат.  Булардын ичинде Орусия мезгил-мезгили менен Кыргызстандын тышкы карыздарын кечип келатат. Ал эми Алмазбек Атамбаевдин президенттик мезгилинде Кыргызстан Кытай Эл Республикасынан Жылуулук Электр Станциясын (ТЭЦ) жаңыртуу жана “Датка-Кемин” электр линиясын орнотуу үчүн миллиардаган доллар карыз алып, булардын төлөө мөөнөтү убакыт өткөн сайын жакындап келатат.Эгер биздин мамлекеттик бюджетибиз тышкы карыздарды төлөө үчүн гана иштей турган болуп калса, эртеңки күнү мамлекеттик бюджетибизге караган мугалим, дарыгер жана башкалардын айлык акысын көбөйтүү мамлекетибиз үчүн оор кырдаалга айланып калат. Жазында парламентте элге кайрылып жатып, президент Жээнбеков быйылкы күздөн баштап бир топ тармактарда айлык акыны көбөйтүу тууралуу маселени койгон. Муну уккан эл “Жөжөнү күзундө санайт” экенбиз дешип сүйүнүшкөн, “Жөжөнү санаар мезгил келатат” сүйүнөбүзбү же бизнесмендерге шылтап коюп калабызбы убакыт көрсөтөт.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости