www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бир күндө 241 адамдан вирус чыкты

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 241 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 73 адамдан, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 55, Ош облусунда – 22, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 19, Баткен облусунда 12 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 403 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 119, Ош шаарында – 25, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 28, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 54, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда 27 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болгон: Ош облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 845 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 841 бейтап дарыланууда.

Бир күн ичинде өлкө боюнча 8 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 12, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 49 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 796 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 78 миң 151 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 71 миң 270 киши айыгып чыкса, 1 миң 317 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости