www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылды

Ири суммадагы жасалма чет элдик валюта саткан каналдын ишине бөгөт коюлду, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү ("акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки териштирүүнүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо багытындагы ыкчам иш чаралардын алкагында 2020-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарында 1969-жылы туулган «К.У.» аттуу КР жараны кармалды. Анын жанынан ири суммадагы жасалма АКШ долларлары табылган.

Такталган боюнча, табылган чет элдик жасалма валюталары жогорку сапатта болгон жана атайын таркатуу максатында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн биринде даярдалган.

Кармалган жаран КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости