www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ботаникалык бакча ачылат

Кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанда ботаникалык бакча ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-январында министрлик, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана Корея Республикасынын мамлекеттик айылдык аймакты өнүктүрүү департаментинин Кыргызстандагы (RDA/KOPIA) борборунун ортосунда айыл чарба илимдери жана технологиялары жаатында өз ара кызматтташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Меморандумда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Ботаникалык бакчасынын базасында “Айыл чарба демонстрациялык талаасында” биргелешкен долбоорун ишке ашыруу каралды.

Долбоордун негизги максаттары айыл чарба адистерин, студенттерди, окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү, дыйкандарды жана айыл чарба субъектилери үчүн кореялык акыркы агротехнологиялар менен тааныштыруу жана Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын алдыңкы илимпоздорун тартуу менен жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат..

"Айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшү үчүн практиканын илим менен тыгыз өз ара аракеттенүүсү жана айкалышуусу зарыл. Бул долбоор айыл чарба тармагындагы изилдөөчүлөргө жана кызыкдар тараптарга жаңы билимдерди алууга жана эң негизгиси алдыңкы технологияларга жетүүгө, андан ары айыл чарбасын өнүктүрүүнүн пайдасы үчүн алган тажрыйбаларын практикада колдонууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенебиз,”- деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев:

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын атайын ыйгарым укуктуу элчиси Ха Те Йок бул долбоордун Кыргыз Республикасында ишке ашырылышы айыл чарбаны эле эмес өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошору шексиз экендигин белгиледи.

2021-жылы кызматташуунун алкагында төмөнкү долбоорлор пландаштырылууда:

1) Мал чарбасын сандан сапатка өткөрүүнү жакшыртуу жана малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу программасын иштеп чыгуу (сүттүүлүк);

2) Алманы кайра иштетүүнүн чакан масштабдагы технологияларын ишке ашыруу;

3) Кореянын порода тоокторун Кыргызстанга киргизүү жана тоокторду өстүрүү процесстеринин технологияларын өткөрүп берүү;

4) Инсектициддерге каршы туруу жана зыянкечтерге каршы күрөшүүнү (IPM) изилдөө.

Ошондой эле иш-чарага Ж.Баласагын Кыргыз улуттук университетинин окуу иштери боюнча биринчи проректору Б. Темиров жана Кыргыз Республикасындагы COPY борборунун директору Ли Санг Дюк дагы катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости