www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнү сазга батырган паракорлор кармалган күндө дагы натыйжасы экономиканын өсүшүнө жол ачпайт. Мындай пикирин Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын экономикасын көтөрүү үчүн конкреттүү иштерди аткарыш керек.

«Октябрь айынан бери экономиканын өсүшү үчүн эч кандай чечкиндүү чаралар аткарылган жок. Эми паракорлор менен уурулардын кармалып жатканын күн ара көрүп жатабыз. Бирок, булардын кармалышы экономикага эч кандай таасир бербейт.

Экономиканын өсүшү үчүн башка нерселерди аткаруу керек:

Алсак, ишенимдүү, туруктуу, таза бийлик керек. Ишенимди сөз менен эмес, иш менен далилдеш керек», - дейт Абакиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости