www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Флорида Эл аралык криминалистика университетинин адистери иттерди Covid-19 вирусун аныктоону үйрөтүүдө.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда кожоюну жок көчөдөн алынган эки ит менен бир голланд, бир бельгия овчаркалары окуудан өтүүдө. Окутуунун негизин бак-дарактардан оору аныктоодогу колдонулган ыкма түзөт. Эки ит мурда эле Флорида штатынын дыйкандарына бир топ көйгөй жараткан авокадо дарактарынан грибок ооруларын табууга ыкталган машыгуудан өтүшкөн.

Машыгуу аягына чыккандан кийин мындай сүйкүмдүү жаныбарлар коронавирусту 90% тактык менен аныктоого жөндөмдүү болуп калышат, деп үмүттөнүшө университеттин адистери. Биринчи тапта иттерди университеттин кампусунда жана аудиторияларында байкоодон өткөрүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости