www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вирустун жаңы түрүнөн өлүм көп катталары айтылды

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирустун "британдык" штаммы кадимки SARS-CoV-2ге салыштырмалуу адам өлүмүнө көп алып келерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Брифингде айтылган маалымат боюнча, коронавирус жуктурган 1000 кишинин ичинен 10у каза тапса, вирустун мутацияланган түрүндө 13-14 бейтап акка моюн сунган. Азыр Улуу Британия сутка ичинде COVID-19дан көз жумгандардын дүйнөлүк статистикасында биринчи орунда турат.

Ошол эле учурда Жонсон өлкөдө колдонулуп жаткан Pfizer жана AstraZeneca вакциналары жаңы штаммга оң таасирин тийгизерине ишендирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Жонсондун айткандары боюнча үн катып, коронавирустун "британдык" штаммында өлүмдүн көп болушу саламаттык сактоо системасына күч келгенине байланыштуу экенин айткан. 

--"Вирус бат тарагандыктан эл көп ооруй турганы белгилүү. Анан ооруканалар да жык толот. Дарыгерлер бирине жетишсе, экинчисине жетишпейт. Натыйжада саламаттык сактоо системасына күч келип, өлүмдү азайта албай калышат", — деген ДССУ өкүлү Ван Керкхове.

Коронавирустун жаңы түрү — VUI-202012/01 тууралуу 14-декабрда Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок айтып чыккан. Ал SARS-CoV-2 вирусуна салыштырмалуу адамдан адамга өтө тез жугары айтылган. Коронавирустун бул штаммы азыр 60тан ашык мамлекетте катталды.

Булак: NazarNews.kg

 



 

Последние новости