www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда эттин өндүрүлүшү көбөйүүдө

Былтыркы жылдын жыйынтыгына таянсак, Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Буга ири мүйүздүү малдын, жылкылардын жана канаттуулардын башынын көбөйүшү себеп болгон.

"2019-жылы бардык категориялардагы чарбалар тарабынан 226 миң тонна эт өндүрүлгөн. Бул мурунку жылга караганда 2,2 пайызга, ал эми 2015-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга көп", — деп айтылат билдирүүдө.

Мунун 49,3 пайызы — уйдун, 29,3 пайызы — койдун, 10,9 пайызы — жылкынын, 6,2 пайызы — чочконун, 4,2 пайызы – канаттуунун этине туура келсе, 0,1 пайызы – коёндун эти.

Бирок өлкө өзүн-өзү эт менен толук камсыздай албайт. Буга чейин Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан учурда негизги тогуз азыктын үчөөнү гана өзүнө жеткидей өндүрө алат. Алар: сүт, картошка жана жашылча. Ал эми эттин керектелчү көлөмүнүн 61 пайызы гана өзүбүздө өндүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости