www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев менен маек.
- Арзыбек мырза, экономист катары айтсаңыз, Кыргызстанда экономикалык абал оор. Кандай чыгуу жолдору бар?
- «Covid-190» пандемиясынын экономикага тийгизген таасири абдан чоң болду. Азыркы абалдан чыгуу үчүн Кыргызстан биринчи кезекте ички өндүрүштү колго алыш керек, элибизге керектүү болгон продукциялар өзүбүздөн чыкса, чек аралар жабык болгон учурда да элибизди керектүү продукция менен камсыз кыла алабыз (импортозамещение).
Башка жактан ташылып алынып келген товарларды өзүбүздөн өндүрүү боюнча иш аракеттерди баштап, ички рынокту толук камсыз кылганга аракет кылышыбыз керек. Мындан да башка жолдору толтура. Бирок, бүгүнкү күндө ушул маселе абдан орчундуу болуп турат.
- Кошуна өлкөлөрдү алсак, Казакстан менен Өзбекстан каатчылык жолдон чыгуунун кайсы жолдорун тандап алышты? Биздин шартта кайсынысы ылайыктуу болуп тургансыйт?
- Ар бир өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө карата, экономикалык абалына жараша кризиске каршы пландарды иштеп чыгып, аны ишке ашырууга аракет кылып жатат. Орто жана чакан ишкерлердин ишин калыбына келтирүү үчүн арзан кредиттерди берүү, аларды салык төлөөдөн жеңилдетип жатышканын билебиз.
Бизде да өзүбүздүн мүмкүнчүлүккө карап, болушунча колдоп жатабыз. Азыр ишкерлерди текшерүүгө 2022-жылга чейин мораторий киргизилди. 100 миң сомго чейин кредит алган мекендештерибиздин үч айлык проценти да төлөнүп берилди. Биздин шартта ушундай жеңилдиктер аз да болсо өлкө экономикасынын бир жак бучкагын оң жолго салат деген ишенимдебиз.
- Ички дүң продукция көлөмүн канткенде көтөрсө болот?
- Бул маселе боюнча ар бир мамлекет баш оорутуп келет. Менимче, ички дүң продукция көлөмүн көбөйтүү үчүн биз өзүбүздө экспорт болуп жаткан товарларды чийки зат түрүндө эмес, аны кайра иштетип, даяр продукция түрүндө экспорт кылышыбыз керек. Ошондо гана бизде кошумча жумуш орундары пайда болот, ал эми даяр продуктуну экспорт кылсак, баасы да жогору болот. Ошол эле учурда социалдык маанидеги товарларды өзүбүз өндүрүп, ички рынокту толук камсыз кылып, андан кийин экспортко чыгарганыбыз оң.
Булак: «Азия News» гезити