www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик базаларына ким чабуул жасап жатат?

Орусиянын адамдары деп жоромолдонгон хакерлер Кошмо Штаттардын бир катар өкмөттүк тармактарынын Интернет байланыш каражаттарын бир нече ай бою мыйзамсыз ачууга жетишкен. Ал мекемелердин арасында Финансы министрлиги да бутага алынган.

Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз өкүлү Джон Уллиоттун 13-декабрда айтканына караганда, Кошмо Штаттардын өкмөтү бул кабар менен толук таанышты жана кырдаалды жөнгө салуунун аргасы изделип жатат.

«Reuters» маалымат агенттиги бул окуя тууралуу алгачкы болуп кабарлады. Бул боюнча маалыматы бар расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, хакерлер АКШнын Финансы министрлигинен тышкары Соода министрлигинин Интернет жана санариптик байланыш тармактары үчүн жоопкер болгон агенттигин атайын бутага алышкан. Башка айрым мамлекеттик агенттиктердин Интернет тармактары да маалыматтык жоготууга учурашы ыктымал деген божомол бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости