www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Арксты кабыл алды.

Алгач Төрага Талант Мамытов Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун ортосундагы алакаларды арттырууга кошкон салымы үчүн уюмдун Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркска ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар уюмдун Кыргызстанга каржылык-техникалык жаатта салымы зор экенине токтолгон Төрага, ички саясий окуяларга карата ар тараптуу көз карашты калыптандыруу багытында ЕККУнун байкоочулары жигердүү катышып келгенине токтолду.

 

"Биз демократиялык, адилет, ачык шайлоолорду жана реформаларды ишке ашыруу аркылуу бул жаатта ЕККУ менен тыгыз кызматташтыкты улантууну көздөйбүз", - деди Төрага.    

Андан сырткары, Талант Мамытов кыргыз тарап кичи жана орто ишкерчиликти, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдоо багытында да кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеӊсесинин башчысы Пьер фон Аркс жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Талант Мамытовго ыраазычылык билдирип, ЕККУ жогоркуда айтылган багыттар боюнча Кыргызстандын парламенти менен кызматташтыкты улантууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов Пьер фон Аркс Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.     

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости