www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Сыртка мал чыгаруудагы тыюулардын кесепеттери кандай болууда?

- Малдын экспортко чыгышына тыюу салуу туура эмес болду. Себеби, элдин 70 пайызы мал чарбачылыгы менен оокат кылат. Айылдагы насыя алгандар мал-жанын көбөйтүп байып кеткен жок. Алар ошол эле тамак-ашка, балдарын окутканга жумшашат. Баары кымбаттап баратат. Өкмөт болсо фермерлерге тескери мамиле жасоодо. Сыртка мал чыгарып, сатып аткандардыкы көртирлик...

- Бул чектөөлөр менен мал чарбачылыгы артка тартылып калуу коркунучунда эмеспи?

- Туура. Мал багуунун чыгымы ашып кетсе, мүмкүн мал кармагандан баш тарткандар арбыйт. Эл сапаттуу малга басым жасап атты эле. Ага балта чаап атышат. Негизи биз эки тараптуу келишим менен иштеп жатканбыз.

Башкача айтканда, Өзбекстан жарандары насыя алып, келишимдин негизинде акчаны биздин фирмага которот. Биз малды бир айга карантинге коюп, оору жок болгон соң Өзбекстанга чыгарабыз. Ал эми эттин кымбатташы малдын 20 пайызы мыйзамдуу, калган 80 пайызы контрабанда жолу менен чыкканына байланыштуу болгон.

Базардагы алып-сатарлар да баанын өсүшүнө таасир этти. Мал кармагандар союлган малдын этин дүңү менен 360 сомдон беришүүдө. Бул жерде чек араны жаап эмес, антимонополия агенттиги көзөмөлгө алышы керек эле. Биз мал сатпай койсок, Россия менен Казакстан сата берет. Анда утуш бизде эмес болот!

- Мал качантан бери чыгарылып келген же быйыл эле башталдыбы?

- Мал 3-4 жылдан бери эле чыгып жаткан. Өзбекстан өкмөтү өз калкына май айына чейин пайызсыз насыя бериптир. Ошон үчүн бул жылы малга болгон суроо-талап бир аз өскөн.

- Тыюу салууда ички рыноктогу эттин баасын кармап туруу деген жүйө келтирилди. Экспорттон сырткары мал менен бааны кармоого мүмкүн эмеспи?

- Өкмөт көзөмөл кылса, мүмкүн эле. Биз үчүн чек ара ачылса, Россиядан мал-жан келип, Кыргызстандагы майдаланган малдар сыртка сатылмак. Эл Россиядан асыл тукум мал алууга басым жасап баштаган. Министр Токтогазиев «сыртка малды тирүүлөй эмес, эт түрүндө саткыла» деп жатат.

Бирок, өзбектер союлган этти алышпайт. Алар тирүү алып, куран окуп союп жешет. Азыркы убакытта насыя алган эл көп, аларга алты ай убакыт берип, мал сатып алууга мүмкүнчүлүк түзсө жакшы болмок.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости