www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-мэрлик кызматка келгениме бир айдан ашты. Мындай пикирин Жамалбек Рысалиев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыгып Бишкек шаарын каптаган ыштан кантип арылуу керектигин айтып элден жардам сурады.

--Менин ишимдеги эң башкы көйгөй болуп жатат. Кантип кутулабыз? Жолун билген достор барсыңарбы? Акыл-насаатыңарга муктажбыз. Вице-мэрлик кызматка келгениме бир айдан ашты. Ушул убакыттын ичинде өкмөттө жыйын болуп вице-премьер министр өзү көзөмөлгө алып кыштын ага кошуп ыштын маселесин чечели деди. Бизге берген тапшырмасын аткаралы деп "Экологиялык кеңешме" - түздүк. Мэрия канча чырылдаган менен ышты аныктай турган лаборатория жок экен. Шаардын 30 жерине ыштын зыяндуулугун аныктай турган датчиктерди орноттук. Андан болсо "Кокуууй" ыш каптап кетиптир деп карап алып кейип отургандан башка пайда көрбөй жатабыз.

ТЭЦ болсо биздин түтүн буу болуп чыгат деп мойнуна албайт. Машиналар булгап жатат дейт. Жаңы конуштар булгап жатат дешет. Кыскасы бири-бирине шылтап коюп отура беришет. Мен болсо чын эле ушул маселени чечип, тарыхта калгым келген менен колумдан келбей сиздерден жардам сурап жатам. Достор жана бир туугандар жардам бергилечи сураныч?! Шаарыбыздын жашоочулары жана биздин ар бирибиздин өпкөбүз чыпка болуп жатат. Ден-соолук керек достор. Жардам бериңиздер. Сунуш бериңиздер. Сиздерди терең урматтоо менен Жамалбек Ырсалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости