www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусуна караштуу Исфана шаары эми мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын алмакчы. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жылды жыйынтыктаган жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
"Мен бир жаңылыкты сөзсүз айтып коюшум керек. Өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иштеримди Раззаковдун жери – Баткенден баштагам. Анын 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым", — деди Жапаров.
Белгилүү саясий жана мамлекеттик ишмер Раззаков согуштан кийин оор абалда калган Кыргызстанды социалдык-экономикалык, индустриялык-агрардык, маданий жактан күчтөнткөн. Өлкөнүн өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошкон.
Булак: NazarNews.kg