www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми жер басып алууну токтоткула! Президент элге кайрылды

1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйналышына катышып жатып билдирди.

Анын айтымында, Чүй жана Ош облустарындагы айыл чарба жерлерине 10 миңден ашык үй курулуп, көп жылдан бери жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбей келген. Жапаров саясий эрк көрсөтүлүп, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынып, үй-жайсыз калуу алдында турган он миңдеген адамдын маселеси чечилип жатканын белгиледи.

"Бишкек шаарынын ТЭЦ-2 аймагына бир эмес эки жолу бардым. Бул аймакта жашагандардын үй боюнча документтерин чечүү үчүн 47,7 гектар жер тилкесин трансформациялап бердик. Алар кызыл китептерин, үйлөрүнүн техникалык китепчелерин алып жатышат. Азыр 798 үйдүн 119у даяр болду, 69у документтерин колуна алды, 500-550 участокто изилдөө иштери жүрдү, беш мобилдүү топ иштеп жатат. Буюрса, 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарылат", — деди президент.

Ал элдин баары жашап жаткан үйлөрүнө мыйзамдуу ээ боло турганын айтып, элди жер басып алууну токтотууга чакырды.

"Эми жер басып алганды ушуну менен токтотолу! Мындан ары жакшынакай айдоо жерлерди айдоо аянты боюнча сактап калалы. Жалпы элди ушуга чакырам", — деди Жапаров.

Ал бюджет жакшы болуп турса, социалдык турак жай маселеси чечилерин убадалаган.

Белгилей кетсек, учурда өкмөттө президенттин төрагалыгы астында жыйналыш өтүп жатат. Анда Министрлер кабинетинин 2021-жылы аткарган ишинин отчёту угулмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости