www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликтин маалымат согушу күчөй берди.Түндүк үчүн биздин партия безгек партия болуп туруп алгандай болуп калды. Чүйдөн Мыктыбек Абдылдаевди чакырдык. Ал киши штабка келип, Акматбек Келдибеков үчөөбүз көпкө сүйлөшүп олтурдук. Ал киши да кыйылып, “эртең -бүрсүгүнү жообун берейин” деп туруп алды. Бир маалда, “эмне кылсаң да, макул кылчы, мен кеттим” деп Акматбек Келдибеков кетип калды. Тизме боюнча мен биринчи турмак элем. - Мыктыбек Юсупович, сиз баарыбызга баш-көз болуп, тизмеде биринчи туруп бериңиз. Сизди биринчи коёлу, - дедим. Дароо макул болду.

Биринчиликти Өмүрбек Суваналиев байкебиз үмүт кылып турганбы , айтор болор- болбос бир нерсеге таарынып ,башка партияга кетип калды. Кубан Кадыров күпүлдөп түрган убагы эле. Ага кезигип калып, - СДПК дан чыгып кетиптирсиң, биздин партияга 20 нын ичине коёлу, депутат болосуң, - десем, - Силер бакиевчилерсиңер да, өтпөйсүңөр, - деп шылдың дап, “Ак-Шумкар” партиясына барып, 20 дан кийинки тизмеге туруп алды.
Марат Султанов Акматбек Келдибеков аркылуу биздин партияга кошулам деген оюн билдирди. Камчыбек Ташиев “киргизбейбиз”деп караманча каршы болду эле, Акматбек Келдибеков экөөбүз эки күн дегенде араң макул кылып, М.Султановду кошуп алдык.


Эртеси күнү Акматбек Келдибеков , - Нариман Түлеев менен сүйлөштүм, Москвада экен. Аны да арабызга кошуп алалы. Акча агылып келет. Бишкек шаары менен Нарын облусун каржылайт. Ал жактарды оңой эле жеңип чыгабыз, -деди. Саяси й Кеңешке салдык. Жарымы макул, жарымы каршы. Каршы болгондор , - Бакиев менин атам” деп сүйлөгөн видеосу бар. Эгер ошол жерин убактылуу бийлик, КТРК аркылуу бир көрсөтсө анда, түндүктөн үмүтүңөрдү үзө бергиле, - дешти. Макул дегендер , - Каражат жагынан кыйналып жатпайбызбы. Эгер акча агылып келе турган болсо, кошуп алалычы, - дешти. Ошентип, Нариманды дагы кошуп алдык. Бирок, кийин жагында каражат жагынан бир тыйын жардам деле болгон жок.


Эртеси күнү Азамат Кангелдиев келди. - Чүй облусун каржылаганга Мыктыбек Юсуповичте да, менде да акча жок кыйналып жатабыз. Биз Динара Исаеваны Кара-Балта боюнчакошуп алышыбыз керек. Ал колунан келген жардамын берип жатат, -дешти. Талаш-тартыш , ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Анткени, Данияр Үсөн овдүн жубайы эле да. Түштүк тарапка жооп берүүчүлөр , “Бизге баары бир.Түндүктүктөр өзүңөр чечкиле» дешти. Анткени, бакиевчилер деген кара пиар түштүк тарапка анча деле таасир бербейт болчу. Бирок, түндүк тарапка терс таасир берип турган.

Ошентсе да ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп, кошуп алдык. Мына ушул себептерден улам, Ак-Жо л бажы бекетинен кармалып ,Убактылуу өкмөт жеп алган 750 миң доллар түрк бизнесменинин акчасын Бакиев “Ата- Журт” партиясына берип жибериптир деген ушак маалыматка эл ишенүүгө аргасыз болдуго деп ойлойм. Чындыгында ,кудай төбөдө карап турат. Бакиевдерден бир тыйын алган эмеспиз. Республикалык штабды жетектедим. Ар бир тыйынды эсептеп, эч нерсеге жеткире албай, эмне деген кыйынчылыктарды көрдүк. Кара пиары болсо, баштан ашып кетти. Элибизде айтылгандай , жебеген мантыга акча төлөдүк.


2010 - жылдын сентябрь айлары. Жогорку Кеңешке 120 талапкерден турган тизме түзө баштадык. Шайлоочулардын санына жараша калыстык менен Ошоблусуна 25, Ош шаарына 6, Чүйгө 14, Жалал-Абадка 14, Ысык-Көлгө 10, Баткенге 10, Нарынга 7, Таласка 7, Бишкек шаарына 14, чет элде жүргөн шайлоочуларыбыздын санына жараша 13 орун бөлүп бердик. Мыйзамга ылайык, тизмеде 30 пайыз аялдар, 15 пайыз башка улуттун өкүлдөрү, 15 пайызы жаштар болушу керек эле. Баары талаптарды так аткарышты.

Бир гана Ош облусу боюнча Акматбек Келдибеков аткарбай туруп алды. “Тизмеңди мыйзамга ылайык бер,болбосо, башка облустар дын тизмеси бузулат” деп талап койсом, караманчакаршы туруп, өзү каалаган кишилерди коюп алып, экөөбүз кызыл чеке болуп кете жаздадык. Жылдыз Жолдошева эжекебиз ортого түшүп, токтотуп калбаганда? ... Жакшы эле түшүндүрүп да айттым: - Акмат, бул жерде жалгыз эле Ош облусу менен шайлоо бүтпөйт. Бул шайлоо - жалпы республикалык шайлоо. Баарына бирдей карайлы, - деп. Түшүнбөдү. Түшүнүп турса да, жасагысы келген жок. Баштапкы берген тизмесин өзгөртпөй коюп, штабдагылар түнү менен убара болуп иштеп, анткени БШК га тизме өткөрүүгө акыркы күн эле.

Шайлоонун шайтан оюндары башталып, таймаштар өзгөчө нукта жүрүп жатты...


“Ата- Журт” партиясынын тизмесинде биринчи ондукта турган он кандидат (лидерлер) , республикалык шайлоо фондун каржылайбыз деп моюнга алдык. Бул үчүн ар бирибиз ортого 100 миң доллардан таштамай болдук. Мындан сырткары ,жети облусту жети лидер өздөрү каржыламай болушту. Ысык-Көл облусун Садыр Жапаров, Нарын облусун Нарынбек Молдобаев, Чүй облусун Мыктыбек Абдылдаев менен Азамат Кангелдиев, Талас облусун Дастан Жумабеков, Ош облусун Акматбек Келдибеков, Жалал-Абад облусун Камчыбек Ташиев, Баткен облусун Арзыбек Бурханов, Ош шаарын Марат Султанов, Бишкек шаарын Жаныш Кудайбергенов дор моюнга алышты.


Чынын айтышым керек, кандай гана шайлоо болбосун , көп акчаны талап кылат. Мыйзамда шайлоо фонду 50 млн сомдон ашпасын деп жазылып турганы менен практика жүзүндө 500 млн сомдон жогору чыгымдаган учурлар болот. Мисалы, Президенттик шайлоодо утуп чыккан талапкер эң аз дегенде 15 млн доллар (750 млн сом) сарптайт. Ансыз өтпөйт. Анткени, шайлоодо ар бир кыймыл акчасыз бүтпөйт. «Мен мекенчилмин » деген агитаторго деле азыраак акча төлөп калсаң, “Баланча деген талапкер , сага караганда көбүрөөк төлөп берип жатат. Ошого барып иштеп берем”деп кетип калган учурлар көп кездешет.

Ошентип, агитация кызуу жүрүп баштаган мезгилде ,кайсы талапкер көп төлөп берет болуп жарыш башталып кеткен учурлар болот. Ушул шайлоодоар бир облуска аз эмес каражаттар жумшалды. Алды чоң облустар мисалы, Ош облусу 1,5 млн доллар, арты (Талас, Нарын), 200 миң доллардан сарпташты.


Эл менен жолугушуу кызуу жүрүп жаткан мезгил. Убактылуу өкмөт “Ата- Журт” партиясынын лидерлеринин ар биринин артынан катуу аңдууларды коюп, ар бир кыймылыбызды көзөмөлгө алып турушкан. УКМК нын кызматкерлери ар бир жолугушуубузду видеoкамерага тартып, Ак үйгө жөнөтүп турушту. Лейлекте эл менен жолугушууда алар тараптан атайын даярдалып берилген.

Садыр Жапаров. "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ"

Р:S: Доцент Мехмет Улуташтын котормосунда Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китеби түрк тилинде которулуп чыкты. Кыргыз тилинде да эл таанысын деп кыргызча да котормосун берип жатабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости