www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылды 306 миллиард сом консолидацияланган бюджет менен жыйынтыктайбыз. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

«Министрлер кабинетинин азыркы курамын сунуштап жатып, биз калкка консолидацияланган бюджетти 280 миллиард сомго жеткирүүнү убада кылганбыз. Биз тапшырманы аткардык. 2021-жылды 306 миллиард сом менен аяктайбыз, же күтүлгөндөн 26 миллиардга көп», - деди ал.

Президент 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрүн 400 миллиард сомго жеткирүү үчүн негиз бар экенин кошумчалады.

«Мен Коопсуздук кеңешинде Акылбек Үсөнбекович айткан 3 принципти толук колдойм. Биринчи принцип — элдин биримдиги, экинчи принцип — мамлекеттин бүтүндүгү, үчүнчү принцип — салык төлөөдөн качуу эң оор кылмышка айланат», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости