www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында министрлер кабинетинин жыйналышы өтүүдө.

Анда президент 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо таза өткөнүн белгилеп кетти.

"Чырдагандар ар бир шайлоо тилкенин бюллетендерин санап чыкты. Буга чейин эч качан мындай болгон эмес. Шайлоо бүткөн эле түнү бюллетендер күн-жам болчу. Биз сактап койдук, азыр дагы барып санасаңыздар болот. Бул шайлоо менен Кыргызстан Орто Азияда эң бир демократиялык принциптерди бекем кармаган өлкө бойдон калды жана кала берет.

Анткени шайлоо процессинде бир дагы админресурс колдонгон жокпуз, бюджеттен айлык алган адамдардын бирөөсүн дагы шайлоонун шайтан оюндарына аралаштырган жокпуз. Шайлоого катышкан талапкерлерге тең укук, бирдей шарттарды түзүп бердик", - дейт ал.

Өлкө башчысы добуш уурдалды, шайлоо бурмаланды деген ыплас оюндарды токтотоор кез келгенин айтат.

"Кийинки чакырылыштын депутаттары ыйык трибунанын баркын кетирбей чыныгы функциясын аткарып, эл үчүн иштесе деген ниетим чоң. Коомго дестабилизация алып келүү үчүн кайсы бир партия же адамдар мамлекеттин тынчтыгы үчүн эмес, өз кызыкчылыгы үчүн элди козутуп, көңүлүн буруп, алаксытып келген. Мындай маанайды оппозиция деп айтууга да болбойт. Тек гана жеке кызыкчылык. Мына бир сом дагы акча коротпой Эрулан Көкүлов, акын Мирлан Самыйкожо өттү. Булар бир дагы күн мамлекеттик кызматта иштеген эмес", - деп айтты президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости