www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү генералдар Рыскул Жапаркуловду сүрөшүп, Чүй ОИИБге начальник кылуу аракетин көрүп жатканы кабарланат. Мындай аракет министр Улан Ниязбековго жакпай жатыптыр. Бул жагынан көп себептери болсо керек.

Ал эми бизге маалымдалгандай, Курманбек Бакиевдин убагында Рыскул Жапаркулов Бишкек ШИИБде Молдомуса Конгантиевдин орун басары катары иштеп, кийин 180 градуска бурулганын таасирдүү полковниктер айтып беришти.

2010-жылы 7-апрелде төңкөрүш орун алып, кыйсыпыр кырдаал жаралганда Рыскул Жапаркулов өнөктөшү Рафик Мамбеталиев менен Молдомуса Конгантиевдин күлүк аттарын тоноо үчүн кол салып, ыңгайдан пайдаланганын кантип жашырабыз? Бул боюнча убагында кылмыш иштери козголбой калганы айтылууда.

Эми ушул жылкы уурдаганга шектелгендер мамлекеттик жогорку кызматка жулунушканда, эрксизден жылмаясың. Качанкыга чейин татыксыздар Чүйдүн генералдарын бетке кармап, эски ыкма менен былжырай беришет? Мындайларды акыл-эстүү бийлик четке кагышы зарыл го

Булак: Азия News гезити

Последние новости