www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетети (УКМК) "Женго" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген, криминалдык авторитет Кадыр Досонов камакта калтырылганын 24-декабрь күнү билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган Досоновго карата тергөө иштери аяктаган.

Иш Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен 23-декабрда Досоновдун бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган.

Бир күндөн кийин чечим кайра каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алууга өзгөртүлгөн.

УКМК буга чейин эч жерде иштебеген, ишкердик менен алектенбеген Досоновго байланыштуу адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталганын, курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылганын билдирген.

2021-жылдын 11-февралында УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында өлкөнүн түштүк аймагын "көзөмөлдөгөн кримтөбөл" делген Досонов кармалганын маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости