www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирустун күч алышына эмне себеп болду?

Мамлекеттик органдардын коронавирус пандемиясы учурундагы ишин анализдеген ведомстволор аралык комиссия кечээ, 22-январда текшерүүнүн жыйынтыктарын жарыялады.

Комиссиянын мүчөсү Гүлмира Жумалиева өлкөдө коронавирустун жайылышына алып келген негизги себептерди жана факторлорду атады.

Алар:

- коронавирус жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги;

- калктын жүрүм-туруму, ооруну алдын алууга аракет кылбаганы;

- коронавирустун жеңил түрүн жуктуруп, ооруканага жатуу зарыл болбосо дагы стационарларга чуркаган адамдарды көрүп, элдин дүрбөлөңгө түшүүсү;

- саламаттыкты сактоо системасынын эскиргени, ооруканалар заманбап талаптарга жооп бербейт;

- медициналык жабдыктардын эскиргени;

- Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кемчиликтер;

- медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги;

- тез жардам станцияларына күч келиши;

- «118» ыкчам кызматына кайрылгандардын көп болушу;

- медкызматкерлердин коронавирус жуктурган жана андан каза болгон адамдардын кескин көбөйүшүнө психологиялык жактан даярсыздыгы;

- жеке коргоочу каражаттардын жетишсиздиги, коргоочу каражаттардын сапатынын төмөн болушу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости