www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда алдыдагы пенсиялык системаны реформалоо талкууланды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттин социалдык саясатынын натыйжалуулугун мүнөздөгөн көрсөткүчтөрдүн бири жарандардын пенсия менен камсыз болуу деңгээли экенин белгиледи.
«Салык жана бажы системаларын реформалоо аяктоо стадиясында турат жана 2022-жылдын январынан баштап пенсиялык системаны реформалоого киришүүнү пландап жатабыз. Анын негизги максаты – системанын бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктарды камсыз кылуу жана пенсиялык камсыздоо принциптерин бекемдөө аркылуу адилеттүүлүктү жана эффективдүүлүктү жогорулатуу», - деди ал.
Ошондой эле «Келечек булагы» социалдык фондунун туруктуу экосистемасын өнүктүрүү жана куруу стратегиясы сунушталган.
Жарандардан акча алып, аз пенсия берген системадан алыс болуу керектиги, ошондой эле элдин Социалдык фондго болгон көз карашын өзгөртүү керек, ошондо адам каражатты кармап калууга сүйүнөт. Келечектеги пенсияны аныктоо, анда мамлекет аны алуунун гаранты болот.
Стратегияны талкуулоонун жыйынтыгында Акылбек Жапаров Социалдык фонддун жетекчилигине айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен аны биротоло иштеп чыгууну тапшырды.
Булак: NazarNews.kg