www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Байдендин ордун ээлегиси келеби?

Кайсы өлкөнүн лидери болбосун, анын ичинде орус жана кытай лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпин Ак үйдүн башчысынын ордунда болгусу келет. Бул тууралуу АКШнын президенти Джо Байден NBC телеканалындагы Жимми Фэллон шоусунун эфиринде билдирди.

«Мен биздин өлкөгө оптимисттик көз караштамын. Мен мени менен орун алмаштырууну каалабаган бир дагы дүйнөлүк лидерди билбейм», - деди ал. Президент АКШнын эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөрүнүн, анын ичинде жогорку деңгээлде өнүккөн илим менен техниканын аркасында ушундай деп эсептей турганын түшүндүрдү.

Февраль айында Байден Ак үйдөгү жашоосун «алтын капас» деп атаган. «Эртең менен ойгонуп, аялым Джилге карап: «Биз кайдабыз?» деп айтам», - деди ал. Саясатчы Барак Обаманын администрациясында вице-президент болуп иштегенде Овал кабинетинде жүздөн ашык ирет болгонун, бирок буга чейин Ак үйдүн турак-жай бөлүгүнө эч качан барбаганын түшүндүрдү. Анын айтымында, ал вице-президенттин резиденциясынан бир топ айырмаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости